Кыргызстан электр унааларды бажысыз киргизүү квотасын жогорулатты

Сергей Мацера Экономика / Эксклюзив
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстан электр унааларды бажысыз киргизүү квотасын жогорулатты

2026-жылы Кыргызстан электромобилдерди алып келүүгө тарифтик жеңилдиктерди берүүнү улантат, ошол эле учурда бажасыз импорттун көлөмүн көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министрлигинин ЕАЭСти координациялоо башкармалыгынын начальниги Элимбек Каныбек уулу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирди.
Бул жылы электромобилдерди бажасыз алып келүүгө квота 10 миңден 15 миңге чейин көбөйтүлдү. Башында бул демилге ЕАЭСтин өнөктөштөрүнүн кээ бир каршылыгына дуушар болду, бирок 2025-жылдын декабрь айында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

«Бул жеңилдикке толугу менен электрдик унаалар жана популярдуу Lixiang/Li Auto маркасындагы модельдерди камтыган последовательный гибриддик жетектеги унаалар да ээ боло алат», - деп кошумчалады ал.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: