ЕАЭСтен берилген жеңилдиктер. КР эт, кант жана жемиштер үчүн бажы төлөмдөрүн төлөбөйт

Юлия Воробьева Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
ЕАЭСтен жеңилдиктер. КР эт, кант жана жемиштер үчүн бажы төлөмдөрүн төлөбөйт
Фото РИА Новости. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн желектери
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынган маанилүү чечимдер Кыргызстандагы агроөнөр жай секторун колдоого багытталган, деп билдирет КРнын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.

Министрликтин маалыматы боюнча, социалдык жана экономикалык мааниси бар бир катар товарлар Кыргызстанга ички колдонууга жана кайра иштетүүгө киргизилгенде бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Ири мүйүздүү малдын эти

Тарифтик жеңилдикти алуу үчүн ЕАЭСтин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттуучулар, товардын аталышы жана көлөмдөрү көрсөтүлгөн документти берүү керек.

Бул жеңилдик менен киргизилген эт, тек гана эт азыктарын өндүрүү үчүн, жана болгону эт кайра иштетүүчү компаниялар тарабынан колдонулушу мүмкүн. Жеңилдиктүү чийки заттан өндүрүлгөн даяр продукцияны ЕАЭСтин башка өлкөлөрүнө чыгарууга тыюу салынат.

Кант-сырец

Жеңилдик, товардын назначениесин тастыктаган КРнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген документтин болушу шарт, анда импорттуучулар жана кайра иштетүүчү компаниялар тууралуу маалымат камтылышы керек.

Кант-сырец Кыргызстанда гана кайра иштетүүгө колдонулушу мүмкүн. Жеңилдиктүү чийки заттан алынган ак кант башка ЕАЭС өлкөлөрүнө экспорттолбойт.

Цитрус жемиштери


жаңы банандар (0803901000) — 3 миң тонна,
жаңы мандариндер (0805210000) — 2,5 миң тонна,
жаңы столдук жүзүм (0806101000) — 1,5 миң тонна,
жаңы апельсиндер (0805102000) — 1 миң тонна,
жаңы манго (0804500001) — 500 тонна,
жаңы киви (0810500000) — 500 тонна;
Какао-продукция

Кабыл алынган чаралардын максаттары:


VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: