Берилген маалыматка ылайык, салыктык түшүүлөр 23 миллиард 917 миллион 327,9 миң сомду түзөт деп болжолдонууда, ал эми салыктык эмес кирешелер 3 миллиард 47 миллион 121,6 миң сом деңгээлинде күтүлүүдө. Ошондой эле активдерден жана милдеттенмелерден 6 миллион 750 миң сом түшүүлөр пландалган, ал эми борбордун билим берүү мекемелерин каржылоо үчүн республикалык бюджеттен берилген расмий трансферттер 5 миллиард 902 миллион 417,3 миң сомду түзөт.
- Салыктык кирешелер: 23 миллиард 917 миллион 327,9 миң сом;
- Салыктык эмес кирешелер: 3 миллиард 47 миллион 121,6 миң сом;
- Активдер жана милдеттенмелер: 6 миллион 750 миң сом;
- Расмий трансферттер: 5 миллиард 902 миллион 417,3 миң сом.
2026-жылга шаар бюджетинин жалпы чыгымдары да 32 миллиард 873 миллион 616,8 миң сомду түзөт, анын ичинен 978,2 миллион сом атайын каражаттарга жумшалат.
2027-жылга 36 миллиард 288,5 миллион сом, ал эми 2028-жылга 40,4 миллиард сом чыгымдар пландалган.
Муниципалитеттин өкүлдөрүнүн айтымында, бул жобонун кабыл алынышы жергиликтүү бюджеттин каражаттарын жергиликтүү маанидеги актуалдуу маселелерди чечүү үчүн натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.