«Мекенчил» 2026-жылдагы жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат угуп чыкты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча биринчи орун басары Жаныбек Керималиев ирригациялык объектилердин учурдагы абалы, ошондой эле үрөн, минералдык тыңайткычтар жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жеткирилиши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бардык пландалган иш-чаралар белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Талкуу учурунда депутат Гулсункан Жунушалиева Кочкор жана Жумгаль райондорундагы ирригациялык объектилердин даярдыгы жана курулушу, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредит берүү боюнча суроолорду берди.
Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык тыңайткычтар жана жеңилдетилген кредиттерди камсыздоо маселелерин көтөрдү. Ошондой эле депутат Рустамбек уулу Советбек Ноокат районундагы калкты сугат суусу менен камсыздоо жана ирригациялык объектилерди реабилитациялоо боюнча маселелерди талкуулоого алды.
Дагы окуңуз:
Депутаттар агросектордун жазгы талаа иштерине даярдыгын талкуулашты
2026-жылдагы жазгы талаа иштерине агросектордун даярдыгы тууралуу маалымат «Мекенчил» депутаттык...