Акыркы 4 жылда реалдуу ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 % түздү, - Минэкономики
Министрлик экономикалык саясаттын натыйжалары ички жалпы продукттун өсүшүнө таасир эткенин белгиледи, бул региондук жана эл аралык деңгээлде байкалды.
«2020-жылы Кыргызстандын ички жалпы продукты 601,8 миллиард сомду түздү. 2021-жылы бул көрсөткүч 723,1 миллиард сомго жетип, экономиканын калыбына келүүсүнө жол ачты. 2022-жылы ИЖП 1 триллион 21 миллиард сомго жетип, биринчи жолу 1 триллион сомдун психологиялык маанилүү чегин ашып өттү. 2023-жылы бул көрсөткүч 1,2 триллион сомду түздү, ал эми 2025-жылга карата ички жалпы продукт 1 триллион 976,4 миллиард сомго чейин өсөт деп болжолдонууда, бул аны 2 триллион сомдун чегине жакындатат», - деп белгиленет маалыматта.
Мындан тышкары, Экономика министрлигинде акыркы төрт жылда ИЖПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпи 10,2% түзгөнү маалымдалды.