Кыргызстандын айыл чарба министрлигинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Б. Бекболотов жана Pronova эл аралык компаниясынын өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда айыл чарба үчүн гидропоника, жылыжай комплекстерин өнүктүрүү жана отургузуу материалдарынын сапатын жакшыртуу үчүн in vitro технологиясын колдонуу сыяктуу алдыңкы агротехнологияларды киргизүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
"Pronova компаниясы агрономияда жогорку натыйжалуу долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда бул багыттарды өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди. Атап айтканда, алар заманбап технологияларды колдонуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүн гидропондук өстүрүү системасын түзүүнү пландаштырууда", - деп айтылат басма сөз релизинде.
Бекболотов жаңы технологияларды агроөнөр жай секторуна киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, гидропоника жана жылыжай чарбасын өнүктүрүү азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, суу ресурстарын оптималдуу пайдаланууга жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берерин айтты.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тарап да келечектеги кызматташууга, маалымат алмашууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлордун варианттарын изилдөөгө даярдыктарын билдиришти.