Маалыматка ылайык, иштерди жалпы подрядчы - кытайлык CNEEC (China National Electric Engineering Co. Ltd.) компаниясы аткарат.
Эки гидроагрегат боюнча даярдык жана инженердик-техникалык иштер башталды. Гидроагрегат №2нин реконструкциясы 1-февралда, гидроагрегат №1дин реконструкциясы - 1-мартта башталат.
Уч-Курган ГЭСин модернизациялоо. "Электрические станции" пресс-кызматынын сүрөтү.

"Учурда гидроагрегат №2 боюнча статоранын стерженьдерин ширетүү жана ротордун спицаларын чогултуу, ошондой эле дефектоскопиялык контролду өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, - деп айтылат билдирүүдө. - Параллельдүү түрдө гидроагрегат №1 боюнча долбоордук-техникалык даярдык жүргүзүлүүдө".
Бардык иштер бекитилген графикке ылайык, техникалык талаптар жана өнөр жай коопсуздугунун нормаларын сактоо менен жүргүзүлөт, деп убада беришет компаниядан.
Параллельдүү реконструкция гидроагрегаттардын орнотулган кубаттуулугунун этаптап өсүшүн камсыздайт. Ошентип, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча реконструкциянын натыйжасында Уч-Курган ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВтга жогорулады, ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча орнотулган кубаттуулуктун жалпы өсүшү 36 МВтды түзөт.