Жогорку Кеңеште 25 жашка чейинки жаштарга кредит берүүдө чектөө киргизүү сунушталды
Жогорку Кенештин жыйынында депутат Гулшаркан Култаева 25 жашка чейинки жаштар үчүн кредит алууну чектөө боюнча сунуш киргизди.
Ал көптөгөн жаштар интернет аркылуу кредит алганда, пайыздар жана айып пулдар сыяктуу шарттарды түшүнбөй, көбүнчө ата-энелери менен бул тууралуу сүйлөшпөй турганын белгиледи.
«Кээ бир микрофинансылык уюмдар 18 жаштан 25 жашка чейинки адамдарга кредит беришет. Бирок бул жаштардын көбү туруктуу жумушу жок жана ата-энелеринин финансылык жардамына көз каранды. Алар үчүн чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнбү?» - деп сурады Култаева.
Бул боюнча Улуттук банктын орун басары Медет Таиров регулятор бул маселени уже карап жатканын билдирди.