"2025-жылы Кыргызстан бюджетине "Google салыгы" алып келген сумма аталды"
Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан баштап, электрондук кызматтарды көрсөтүүчү бардык чет өлкөлүк уюмдар Кыргызстан бюджетине кызматтарынын наркынан 12% өлчөмүндө НДС төлөөгө милдеттүү. 2024-жылы "Google салыгынан" республикага 709,3 миллион сом түшкөн. Мамлекеттик салык кызматы "Яндекс Go", Megogo жана Xsolla сыяктуу компаниялар салык кызматында алыстан каттоодон өткөнүн белгиледи.
Башкы беттеги сүрөт: Getty Images.