Көп балалуу энелерге тоо аймактарында 2 миллион сомго чейин төлөм берилет
«Бала Береке» программасы 2026-жылдан башталат
2026-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда көп балалуу энелер үчүн «Бала Береке» деп аталган бир жолку жардам программасы ишке кирет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Орунбековдун белгилөөсү боюнча, бул демилге калктын санын көбөйтүү жана кыйын климаттык жана географиялык шарттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Төлөмдөр 2026-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн балдар үчүн, алар бир жашка толгондон кийин берилет.
Төлөмдүн суммасы үй-бүлөдөгү балдардын санына жараша болот: төртүнчү бала үчүн 100 миң сом, бешинчи бала үчүн 600 миң сом, алтынчы бала үчүн 800 миң сом, жетінчи бала үчүн 1 миллион сом, сегизинчи бала үчүн 1,2 миллион сом, тогузунчу бала үчүн 1,5 миллион сом, ал эми онунчу жана андан кийинки балдар үчүн 2 миллион сомго чейин болот.
Бул жардамды алуу укугу Кыргызстан жарандары же кайрылмандар болуп, жогорку тоолуу жана алыскы райондордо туруктуу жашаган көп балалуу энелерге берилет.
Фото www