ЖК комитети адамдардын, жаныбарлардын жана экосистеманын ден соолугун жакшыртуу үчүн 31,79 млн доллар өлчөмүндөгү кредитти биринчи окууда колдоду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча орун басар министр Жаныбек Керималиев долбоор тууралуу маалымат берди.
Ал аталган долбоордун алкагында 31,79 миллион доллар бөлүнүү пландаштырылып жатканын, бул каражаттар калктын ден-соолугун жакшыртууга, жаныбарларды коргоого жана өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга жумшалат деп белгиледи. Долбоордун биринчи этабы үч негизги компонентти камтыйт, алар адаттагы шарттарда системанын негизги потенциалын түзүүгө жана «Бирдиктүү ден-соолук» регионалдык программасынын Концепциясын ишке ашырууда өзгөчө кырдаалдарды аныктоо жана жооп берүү боюнча критикалык функцияларды колдоого жардам берет. Бул глобалдык ден-соолук маселелерин чечүүдө комплекстүү көз караштын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
31,79 миллион долларлык каржылоо структурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кредит – 30 миллион доллар;
- грант – 1,79 миллион доллар;
- кредиттин мөөнөтү – 50 жыл;
- жеңилдетилген мөөнөт – 10 жыл;
- пайыздык ставка – 0%.
Дагы окуңуз:
Без изображения
КРда донорлор «Бирдиктүү ден соолук» программасы боюнча 30 миллион доллардан ашык каражат бөлүшөт
Калыс комитетинин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча жыйынында суу...