Кабмин бааларды жөнгө салууга уруксат алууну көздөп жатат
Экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланова бул мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекет социалдык мааниси бар товарлардын гана эмес, ошондой эле өкмөт тарабынан белгиленген иштер жана кызматтардын бааларын жөнгө салуу укугуна ээ болорун белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын аягына чейин кызматтардын тарифтери жыл башына салыштырмалуу 8,1% га жогорулайт, бул жарандар тарабынан айрым кызматтардын баасынын жогорулашына байланыштуу кайрылууларды жаратты.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда «рентабельдүүлүк» түшүнүгү киргизилет. Министрдин орун басары бул мамлекеттик жөнгө салуунун жумшак ыкмасы болорун баса белгиледи.
«Бизнес товарлардын, иштердин жана кызматтардын бааларын рентабельдүүлүк деңгелине таянып өз алдынча белгилей алат. Ошол эле учурда, мыйзам долбоору бул деңгээлди товарлардын, иштердин жана кызматтардын өздүк баасынын 25% га чектөөнү сунуштайт», — деп кошумчалады ал.
Депутат Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса, кандай кызматтар жана иштер жөнгө салынарын кызыкты.
Бул суроого Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Женалы Орозбаев жооп берип, жөнгө салынуучу маанилүү социалдык кызматтар жана иштер, мисалы, жогорку окуу жайларындагы билим алуу баасы болорун айтты.
Нардеп турак жайды ижарага алуу, унааларды эвакуациялоо, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү боюнча бааларды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга сунуштады.