Джефф Безос өзүнүн Starlink версиясын ишке киргизет
Бул демилгени ишке ашыруу үчүн 5 408 спутникти ишке киргизүү пландалууда, алар төмөнкү жана орто жер орбитасында жайгаштырылат. Алгачкы учуулар 2027-жылдын төртүнчү кварталында башталат деп күтүлүүдө.
TeraWave биринчи кезекте корпоративдик секторго, маалыматтарды иштетүү борборлоруна жана мамлекеттик мекемелерге багытталат. Тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 6 Тбит/с жетет деп убада кылынууда.
Медиа маалыматтарына ылайык, бул долбоор Starlink үчүн атаандаштыкты билдирет, анткени учурда Starlink 9 000ден ашык спутникке ээ жана дүйнө жүзү боюнча 9 миллионго жакын колдонуучуга кызмат көрсөтөт.
Компаниянын өкүлдөрү TeraWave архитектурасы Q/V диапазонундагы радиожыштыктарды жана спутниктер арасындагы оптикалык байланыш линиясын колдонгон көп орбиталык системага негизделерин белгилешти. Бул конфигурация жогорку деңгээлдеги туруктуулукту, масштабдуулукту жана маалыматтарды өткөрүүнүн жогорку ылдамдыгына жетүүнү камсыз кылат, бул өзгөчө волоконно-оптикалык инфраструктураны орнотуу кыйын же финансылык жактан натыйжалуу эмес болгон региондор үчүн актуалдуу.