
Улуттук банктын жаңы орун басары болуп президент Садыр Жапаров Медет Таировду дайындады.
Медет Таиров. Сүрөт kabar.kg.
Медет Таиров банктын тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ал Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында карьерасын баштап, андан кийин 2016-жылдан тарта "Айыл Банк" ААКсында ишин уланткан. Ошондой эле ал "Азия Банкы" ААКнын башкармалыгынын мүчөсү болуп, 2023-жылдын февраль айынан тарта "Элдик Банк" ААКнын башкармалыгынын орун басары кызматын аркалаган. Мындан тышкары, ал Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык финансылык корпорацияда (IFC) консультант болуп иштеген.