Сунушталган мыйзам долбоорунун алкагында кредиттик маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүү пландалууда:
- позитивдүү маалымат беш жыл сакталат, жети жылдын ордуна;
- негативдүү маалымат беш жылдан үч жылга кыскартылат.
Мындан тышкары, жаңы демилге боюнча 10 миң сомдон төмөн суммадагы негативдүү кредиттер тууралуу маалымат бир жыл гана сакталат.
Министрликте бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кредиттик тизмеге кирген карыз алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, физикалык жактар жана ишкерлер үчүн кредиттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртат деп ишенишет.
Депутат Марлен Маматалиев негативдүү маалымат бир жыл сакталчу кредиттик келишимдер боюнча лимитти 100 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады. Өз кезегинде, анын кесиптеши Дастанбек Джумабеков банктар карыз алуучулардын ишенимдүүлүгүн жакшыраак баалай алышы үчүн позитивдүү кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн узартууну сунуштады.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырышты.