Минстрой «Аалам Строй» курулуш компаниясында мыйзам бузуу фактыларын аныктады
Министрликтин маалыматына ылайык, объекттин 10дон ашык блогу курулуш мыйзамдарына жана коопсуздук нормаларына жооп бербейт. Мындан тышкары, компания курулуштун айрым этаптарын текшерүү үчүн жеке лабораториялардын кызматтарын колдонгон жана айрым блоктор мыйзамсыз түрдө турак жай ээлерине өткөрүлүп берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында «Аалам Строй» компаниясына аныкталган ар бир блок үчүн айып пулдар салынды жана тиешелүү протоколдор түзүлдү. Объекттеги иштер токтотулду, ал эми компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын кароосуна коюлат.
Министр ошондой эле курулуш материалдарынын сапатын текшерүү үчүн Республикалык сертификаттоо борборун тартуу менен лабораториялык текшерүү өткөрүүнү тапшырды. Алынган жыйынтыктарга ылайык, кошумча чаралар көрүлөт.
Орунтаев жооптуу кызматкерлерге да катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 миллион сомду түздү.
Маалымат: Минюсттун маалыматы боюнча, ОсОО «Аалам Строй» компаниясынын жетекчиси Аалиев Ниязбек Үсөнович, ал эми негиздөөчүсү — Исаков Уланбек Абыласович.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Министр Орунтаев IT-шахар «Ош-Сити» курулушунун жүрүшүн текшерди: биринчи блокторду киргизүү 2026-жылдын жайына пландалган
- 2025-жылдын 30-декабрында курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык кызматтар министри...
Без изображения
Бишкекте курулуш объекттеринин коопсуздук техникасын сактоо боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө
9-11-январь күндөрү Бишкекте курулуш объектилеринин мониторинги өткөрүлүп, коопсуздук нормаларынын...
Без изображения
Кайынды шаарында жаңы административдик имараттын курулушу жүрүп жатат
Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бир нече курулуш...