Кыргызстанда 2025-жылдын сентябрында инфляция 8,9% түздү
Регулятор бул көрүнүштү дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы жогорку волатильдүүлүк жана Россиядагы күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы чыңалган кырдаал, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштүн айрым товарларына болгон тышкы суроо-талаптын өсүшү менен байланыштырат.
Улуттук банк өлкөнүн экономикасына негизги коркунучтар сырттан келип жатканын баса белгиледи: бул азык-түлүк жана энергия булактарынын бааларынын термелүүлөрү, эл аралык экономикалык чөйрөдөгү белгисиздик, ошондой эле калктын кирешелеринин өсүшүнө байланыштуу ички суроо-талаптын мүмкүн болгон өсүшү.