Кыргызстанда өткөн жылы 1900дөн ашык курулуш объектиси пайдаланууга берилди, - экономист
Жаңы объекттердин арасында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорт комплекстер, маданий борборлор, аэропорттор, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар бар.
Шамшиевдин маалыматына ылайык, курулуш секторундагы өсүш экономикабыздын бекемделиши жана салык кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу. 2025-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети болжол менен 1,2 трлн сомду түзөт, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч болгону 209 млрд сом болгон.
«Салык кирешелери кескин өстү: эгер 2021-жылы 151 млрд сом жыйналса, 2025-жылдын ноябрь айынын аягына карата бул сумма 358 млрд сомго жетти, бул 2,5 эседен ашык», — деди экономист.
Ал ошондой эле жаңы салык реформалары ишкерлер үчүн отчеттуулук процессин жеңилдетип жатканын белгилеп, жеңил өнөр жайы жана зергерчилик тармагы 2030-жылга чейин көпчүлүк салыктардан бошотулганын айтты.
Окшош материалдар:
