Тажикстандын чыгышында түн ичинде 6,5 балл күчүндө жер титирөө катталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө борбору Ош шаарынан 223 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Кыргызстандын түштүк аймактарында 3 балл деп бааланган.