Министрликте ак калпак күнү белгиленди
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде биринчи орун басар министр Жениш Сейдалиевдин жетекчилиги менен Ак калпак күнүн белгилөө өттү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чаранын катышуучулары ак калпактын тарыхый маанисин, анын маанилүү улуттук символ катары ролун талкуулашты. Улуу муундун өкүлдөрү бул майрамдын келип чыгышы тууралуу ойлорун бөлүшүп, кызыктуу фактыларды айтып беришти.