
Сакуранын гүлдөгөнү Осака шаарында / Япония
// Turmush
Япониянын борборунда күндүн жарык жана жылуу аба ырайы сакуранын активдүү гүлдөөсүнө шарт түздү. Бул факттын расмий тастыктамасы Ясукуни синтоисттик храмындагы үлгү сакура дарагын байкоо учурунда, жекшемби күнү саат 14:00 чамасында алынды.
Ошол учурда Токионун борборунда температура 19,4 градус Цельсийге жетти.
Адистер быйыл сакура өткөн жылга караганда эки күн эрте, ал эми орточо көп жылдык көрсөткүчтөрдөн үч күн эрте гүлдөй баштаганын белгилешүүдө.
Ошол эле учурда, өлкөнүн батышындагы Тоттори шаарында сакуранын гүлдөөсү жаңы гана башталды. Бул окуя орточо мөөнөттөрдөн бир күн эрте жана өткөн жылга салыштырмалуу бир күн кечигип катталды.