
Маалыматка ылайык, сокку Исфахандагы газ тарату станциясына жана Ирак менен чек арада жайгашкан электр станциясын Хорремшехр шаарын байланыштырган газ түтүгүнө жасалган. Чабуулдун натыйжасында объектилер гана эмес, жакынкы турак үйлөр да жабыркаган.
Хорремшехрдин губернатору снаряд күйүүчү май станциясынын артындагы аймакка тийгенин билдирди, бирок калк арасында курмандыктар катталган жок. Исфаханда жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.