
Бул отчетто, конфликттин биринчи жумасында негизги зыяндар болгондугу белгиленет. Зыян тарткан объекттердин арасында Иорданиядагы америкалык THAAD системасы жана баасы болжол менен $485 млн болгон AN/TPY-2 радиолокациялык системасы бар. Мындан тышкары, ирандык соккулар америкалык базалардагы инфраструктурага жана имараттарга болжол менен $310 млн зыян келтиргенин BBC маалымдайт.
Спутниктик сүрөттөрдүн анализи Ирандын АКШнын үч авиабазасына, атап айтканда, Кувейттеги Али аль-Салем, Катардагы Аль-Удейд жана Сауд Арабиясындагы Принц Султан базаларына бир нече ирет сокку урганын көрсөтүүдө. BBC ошондой эле, кайталанган соккулар Ирандын негизги аскердик объекттерге багытталган ниетин билдирет деп белгилейт.
Сенаторлор менен жабык брифингде Пентагондун өкүлдөрү, согуштун биринчи алты күнүндө АКШнын минимум $11,3 млрд сарптаганын ABC News телеканалы маалымдады. The Washington Post гезити, конфликттин биринчи 48 саатында Пентагон $5,6 млрдга курал-жарак колдонгонун кошумчалады.