
Гранд-Комор аралынын түндүк бөлүгүндөгү Мицамиули аймагында 18-мартта 18 мыйзамсыз мигрант батып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип Синьхуа маалымдады.
Өлгөндөрдүн арасында 15 Конго жараны жана 3 Бурунди жараны бар.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 48 мыйзамсыз мигрант менен катар кемени контрабандисттер Комор аралдарынын жээгинде таштап кетишкен.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, мигранттар Индия океанындагы Франциянын чет өлкөлүк аймагы Майоттага жетүүгө аракет кылышкан.