
Жолугушуунун алкагында БУУнун чөлдөшүү менен күрөшүү боюнча Конвенциясынын (UNCCD COP17) 17-Конференциясына даярдык маселелери талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары бул иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн кызматташтыкты күчөтүүнүн зарылдыгына көңүл бурушту.

Андреа Меса Мурильо жана Мөнхтүшиг Лханаажав
Андреа Меса Мурильо Батцэцэг Батмөнхтун Конференциянын тараптарынын төрайымы (UNCCD COP17 President-Designate) болуп дайындалышы иш-чараны өткөрүүдө ийгиликтүү болушуна оң таасир этерин белгиледи.
17-28-августта Улан-Батордо «Табиятты калыбына келтирүү, үмүттү жандандыруу» девизи менен пландалган конференция, эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана жерлердин деградациясы, чөлдөшүү жана кургакчылык маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калат.