
Трамп Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу төмөндөттү деп, бул аскердик операцияны маанилүү жетишкендик катары баалады. Өзүнүн сөзүндө ал коргоо министри Пит Хегсетти да мактап: «Пит, сен мыкты иштеп жатасың. Мен сен менен сыймыктанам» деди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен операциясынын башталгандан кийин бир нече күндөн соң, Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Ормуз булуңун толук көзөмөлгө алганын билдирди.
Тегеран жооп катары америкалык эсминец жана танкер Индий океанында соккуга алынганын билдирди. КСИРдин билдирүүсүнө ылайык, 4-мартка чейин көрсөтүлгөн булуңда кемелерди өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүүлөрдөн кийин ондон ашык мунай танкерине сокку урулган.
Вашингтон өз кезегинде ирандык кемелерге сокку урулганын тастыктады. Буга чейин АКШнын Ортолук командованиеси ирандык дрондорду иштетүү үчүн колдонулган кемеге кол салынганы тууралуу маалымат берди.