
Трамп өз сөзүндө «тарыхый алтын келишимин» түзгөндүгү тууралуу маалымдады. Ал Венесуэлада чоң алтын запастары жана жемиштүү жерлер бар экенин белгиледи, бирок мурдагы система өлкөгө бул ресурстарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербегенин айтты.
«Биз Венесуэланын алтындарын жана башка пайдалы казыналарын сатуу боюнча эки өлкөнүн иштешине мүмкүндүк берген келишимге жетиштик», - деп кошумчалады АКШ президенти.
Эскерте кетсек, 3-январь түнүндө америкалык аскерлер Венесуэлага каршы операция жүргүзүп, президент Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флоресди кармашкан. Алар Нью-Йоркко жеткирилген, анда аларга наркотерроризмди камтыган оор айыптар коюлган.