АКШ дагы бир өлкөдө аскердик операция баштады
3-март, шейшемби, Эквадордун аскерлеринин АКШнын колдоосу менен өлкөдөгү "наркотеррористтик уюмдарга" каршы активдүү аракеттердин башталган күнү болду.
Командованиенин расмий пресс-релизинде операциянын максаты "Ушул убакка чейин Батыш жарым шарында террор, зомбулук жана коррупцияны жайылтып келген наркотеррористтерге активдүү каршы туруш" деп белгиленген.
Азырынча операциянын конкреттүү максаттары жана масштабдары тууралуу маалыматтар белгисиз. Бирок, бул аракеттер АКШ жана алардын өнөктөштөрүнүн региондогу эл аралык наркотрафикке каршы биргелешкен күрөшүнүн кеңири стратегиясынын бир бөлүгү экендиги айтылды.
Башкы сүрөттө — Эквадордун жээк күзөтүнүн аскерлери: Getty Images.