
Иллюстративдик сүрөт
Reuters маалыматтарына ылайык, Instagram ата-энелер үчүн балдары көп жолу өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу маалымат издеп жатканда билдирүү системасын киргизет. Бул жаңылык «Үй-бүлөлүк борбор» бөлүмүндө «ата-эненин көзөмөлү» опциясын активдештиргендер үчүн гана жеткиликтүү болот. 16 жашка чейинки колдонуучулар үчүн, ата-эненин көзөмөлү иштеп жатканда, аккаунттун жөндөөлөрүндө өзгөртүүлөрдү ата-энелердин макулдугу менен гана жүргүзүүгө болот. Мындан тышкары, ата-энелер балдарынын активдүүлүк убактысын көзөмөлдөп, чектөөлөрдү коюп, эгер өспүрүм уруксат берсе, белгилүү параметрлерди контролдоого мүмкүнчүлүк алышат. Эгер система өзүн-өзү өлтүрүү же өзүнө залака келтирүү менен байланышкан контентти көп издеп жаткандыгын аныктап калса, ата-энелерге тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.
Жаңы функцияны пилоттук тестирлөө АКШ, Улуу Британия, Австралия жана Канада сыяктуу өлкөлөрдө башталат, башка мамлекеттерге кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен.
Бул функциянын киргизилиши кээ бир өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүн чектөө зарылдыгы тууралуу өсүп жаткан сүйлөшүүлөргө жооп болду. Мисалы, Австралия 16 жашка чейинки балдар үчүн мындай платформаларды колдонууга тыюу салды. Улуу Британияда да окшош жаш чектөөлөрдү карап чыгуу пландалууда. Греция жана Словения ушундай чараларды киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат, ал эми Испаниянын Премьер-министри Педро Санчес 16 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салуу боюнча даярдык жүргүзүлүп жатканын билдирди.