
Сот Юн Сок Ёлду бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана башаламандыкка түртүүгө күнөөлүү деп тапты. Прокуратура өлүм жазасын талап кылды, бирок мурдагы президент, камакта жаткан учурда, өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал өзүнүн аракеттери президенттик ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү экенин, оппозициялык партиялар тарабынан өкмөттүн ишин токтотууга көңүл буруу үчүн жасалганын билдирүүдө. Юн Сок Ёлдун адвокаты соттун чечимин адилетсиз деп атап, апелляция берүүнү талкуулоону пландаштырууда.
2024-жылдын декабрь айында өлкөдө аскердик абал киргизүү боюнча жасалган аракет парламенттин каршылыгына туш болуп, натыйжада Юн Сок Ёл кызматынан четтетилип, Түштүк Кореяда олуттуу саясий кризиске алып келди.
Мурдагы президентке каршы жалпы жонунан сегиз кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын январь айында ошол эле сот аны президенттик коргоону соттун камакка алуу буйругун аткарууга тоскоолдук кылуу, расмий документтерди жасалмалоо жана аскердик абалды киргизүү боюнча мыйзамдуу процедураларды бузуу боюнча башка айыптардан беш жылга эркинен ажыраткан.