Ливиянын Башкы прокуратурасы Муаммар Каддафинин уулунун өлгөнүн тастыктады

Марина Онегина Дүйнө
VK X OK WhatsApp Telegram
Ливиянын Башкы прокуратурасы Муаммар Каддафинин уулунун өлгөнүн тастыктады

Саиф аль-Ислам Каддафи
Башкы прокуратура өлүмдүн себеби ок атуучу курал экенин билдирип, учурда укук коргоо органдары бул кылмышка жооптуу адамдарды издөө менен алектенүүдө.

Саиф аль-Исламдын өлүмү тууралуу маалымат 3-февралда белгилүү болду. Ал Триполиден түштүктө, куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар уланып жаткан аймакта өлтүрүлгөн. Каддафи үй-бүлөсүнө жакын булак Саиф аль-Ислам өзүнүн бакчасында өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын өлүмүнө байланыштуу тарапташтары эл аралык тергөө жүргүзүүнү талап кылышты.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: