В Абу-Даби Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу өтүп жатат. Мамлекеттик агенттик АЗЕРТАДЖдын маалыматына ылайык, жолугушуу кеңейтилген курамда өтүүдө, бирок сүйлөшүүлөрдүн темалары боюнча азырынча маалымат берилген жок.