
Трамп Уорш «УЛУУ» ФРС төрагасы болот деп ишеним билдирди, мүмкүн, дагы эң мыктысы. Ал Уорш «идеалдуу талапкер» экенин жана колдоочуларын жамандыкка учурата албай турганын баса белгиледи.
Эми Уорштун талапкерлиги Сенат тарабынан бекитилиши керек. Эгер оң чечим кабыл алынса, ал 2026-жылдын майында мөөнөтү аяктаган Джером Пауэллдын ордун ээлейт. Трамп Пауэллды негизги пайыздык ставканы төмөндөтүүгө даяр эместиги үчүн бир нече жолу сындаган.
2026-жылдын январь айынын башында прокуратура Пауэллга ФРС имаратынын оңдолушу боюнча чыгымдарга байланыштуу кылмыш ишин ачты. Пауэлл бул тергөө Трамптын администрациясы менен пайыздык ставкалар боюнча пикир келишпестиктердин натыйжасы экенин билдирүүдө.
CNN маалыматтарына ылайык, Уорш ФРС төрагасынын ордуна «жетишерлик типтүү» талапкер болуп саналат. 55 жашында ал 2006-жылдан 2011-жылга чейин ФРС башкаруучулар кеңешинде иштеген, ошондой эле Жорж Буштун президенттиги учурунда Ак үйдө экономист болуп кызмат кылган. Учурда ал Стэнфорддогу Гувера институтунун чакырылган илимий кызматкери.