Түндүк Германияда 0 км/ч ылдамдыкта фоторадар орнотулду. Ал мыйзам бузгандарды — жөө адамдарды да — жазып алды.
Жарандардын кооптонуусунун себеби радардын 0 км/ч ылдамдыкка коюлушу болуп, бул түзмөктүн жанында болгон ар кандай кыймыл «ылдамдыкты бузуу» катары катталып жатканын билдирген. Бул радар декабрда орнотулган жана жакында демонтаждалган, бирок маалыматтарды коргоо мыйзамын сактоо боюнча текшерүү уланууда.
Шаардык администрациянын маалыматына ылайык, камераны орнотуу Рождество базарына кирүү эрежелерин сактоону көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон, бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 50 евро айып пул салынган. Жергиликтүү тургундар жана саясатчылар, фактически, алардын сүрөттөрү бир ай бою тартылып жаткандыгына нааразы болушкан. «Эркин шайлоочулар» партиясынын төрагасынын орун басары Грегор Фот: «Мен интернетте маалыматтарды коргоо келишимдеринин шарттарына макул болгондо, камеранын мени коомдук жерде жөө адам катары негизсиз каттайт деп күтпөгөн элем», - деп белгиледи.
Маалыматтарды коргоо органы бардык тартылган сүрөттөрдү жок кылууну жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин текшерүүнү талап кылууда. Бирок Любек администрациясы өз күнөөсүн мойнуна албай, мындай чаралар жол кыймылынын эрежелерин бузуу санынын көптүгүнөн жана кызматкерлердин жетишсиздигинен улам зарыл болгонун билдирүүдө. ХДС өкүлдөрү, өз кезегинде, мэр Ян Линденауну «чоң агай» деп атап, фракция башчысы Кристофер Летш камераны «өзүн-өзү күлкүгө айланткан абсурд» деп атады. Линденау сын-пикирлерге жооп берип, «мазмундуу талкуусуз сын - бул жөн гана негизден качуунун аракеттери» деп айтты жана ХДСтен администрациянын ишин автоматташтыруу жана цифрлаштыруу боюнча чакырууларды эң көп угуп жатканын кошумчалады.
Ошол эле учурда, федералдык деңгээлде СвДПнын төрагасынын орун басары Вольфганг Кубики радарды орнотууну декабрь айында алкоголдун керектелишинин мүмкүн болгон жогорулашы менен шутка кылып байланыштырып, «Бул идея, балким, глинтвейндин таасиринен пайда болгон» деп болжолдоду.