Узбекистандын алты аймагында 27−30-январь күндөрү лавина кооптуулугу жарыяланды
// КР МЧС
Кар көчкү коркунучу төмөнкү аймактарга жайылат:
Кашкадарья облусу: Дехканабад, Китаб, Камаши жана Шахрисабз райондору;
Сурхандарья облусу: Байсун, Кумкурган, Сарыасий жана Узун райондору;
Самарканд облусу: Нурабад, Кушрабат, Самарканд жана Ургут райондору;
Джизак облусу: Бахмал жана Заамин райондору;
Ташкент облусу: Бостанлык, Паркент жана Ахангаран райондору (Чаткаль тоо системасы);
Наманган облусу: Пап району.
Тоолуу аймактардын тургундарын, туристтерди жана тоолуу райондорго сапар пландап жаткан айдоочуларды сактык чараларын көрүүгө чакырат.