Башкы бет » Дүйнө » Bloomberg: Рубио Венесуэла боюнча Америкадан башкарууну жетектейт
Дүйнө

Bloomberg: Рубио Венесуэла боюнча Америкадан башкарууну жетектейт

470

Жаңы өлкө жетекчилиги мунай өнөр жайына көңүл бурат


Николас Мадуро бийликтен кетирилгенден кийин, Венесуэла үстүнөн контролду АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Марко Рубио жүргүзөт. Бул маалымат 4-январда Bloomberg агенттиги тарабынан, америкалык бийликтин анонимдүү өкүлүнө шилтеме менен жарыяланды. Кубалык америкалыктын туулган жери Майами, ал эми ата-энеси Кубадан иммигранттар экендигин DW белгилейт.

Bloomberg ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла мунай өнөр жайына көңүл буруп, америкалык мунай компаниялары өлкөнүн мунай инфраструктурасын калыбына келтирүүгө «миллиарддаган долларларды» инвестициялайт деп билдиргенин маалымдады.

Учурда Трамптын командасы, анын ичинде мамлекеттик катчы Марко Рубио, ички коопсуздук боюнча кеңешчи Стивен Миллер жана коргоо министри Пит Хегсет, Венесуэла боюнча башкаруу планын иштеп чыгууда, деп билдирди The Wall Street Journalга кайрылган жогорку даражадагы булак.

Сүрөт www
Окшош материалдар:
gazeta.kg сайтын колдонуу менен сиз купуялуулук саясатын кабыл аласыз.
ОК