Азия кубогу U-23. Кыргызстан турнирдик таблицада акыркы орунга түшүп калды
Сауд Аравиясында өтүп жаткан Азия Кубогу U-23 турниринин алкагында Кыргызстандын жаштар футбол командасы өз группасында акыркы орунду ээледи. Команда А группасында Сауд Аравиясы, Вьетнам жана Иордания командалары менен бирге оюн өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Эдмар Ласерддин жетекчилиги астында кыргызстандыктар биринчи оюнда турниринин ээлерине жеңилип, экинчи раундда Вьетнам командасына да утулушту.