Бишкекте Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Спорт сарайын реконструкциялоо башталат
Президенттин тапшырмасы боюнча, Бишкекте Спорт сарайын реконструкциялоо башталат. Бул маалымат илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча парламент комитетинин жыйынында айтылды. Депутат Болот Сагынаев бул объекттин критикалык абалы тууралуу маселе көтөрдү. Ал Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиевге кайрылып, башка спорттук имараттар оңдолуп, курулуп жатканда, Спорт сарайынын