
2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна Европа квалификациясынын алкагында плей-оффтун финалдык этабына катышуучуларды аныктоо процесси аяктады. Бул тууралуу «Чемпионат» ресурсу билдирет.
Финалдык парлардын курамы төмөнкүдөй:
Чехия — Дания;
Косово — Түркия;
Босния жана Герцеговина — Италия;
Швеция — Польша.
Оюндар 31-мартта өтөт.
Дүйнө чемпиондугу 11-июндан башталып, 19-июлга чейин уланат. Бул турнире биринчи жолу 48 команда катышат, ал эми оюндар үч өлкөдө: АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.
Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курамасы, ал 2022-жылдагы турнирдеги финалда Франция командасын жеңген.