

Архивден алынган сүрөт. Мунарбек Сейитбек уулу
Мунарбек Сейитбек уулу өз салмагында (60 килограммга чейин) үчүнчү орунду ээлеп, Париждеги Олимпия оюндарында алган күмүш медалдын жардамы менен 975 упай топтоду.

Анын артынан Ихтияр Нишонов, 70 килограммга чейинки категорияда 8-орунду ээлеп турат. 75 килограммга чейинки салмак категориясын көрсөтүп жаткан Нурадин Рустамбек уулу 13-орунга жайгашты.
Архивден алынган сүрөт. Нурадин Рустамбек уулу
Ихтияр Нишонов өткөн жылы БАЭде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алса, Нурадин Рустамбек уулу 2025-жылы Астанада өткөн дүйнөлүк бокс кубогунда коло медаль жеңип алган.
Рейтинг түзүлгөндө World Boxing Challenge турнири, дүйнө чемпионаттары, дүйнөлүк кубоктун финалдары жана Олимпия оюндарындагы спортчулардын жыйынтыктары эске алынды.