
UEFA чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы жооп оюндары аяктады, эми турнирдеги күрөшүн улантуучу командалар белгилүү.
Лондондук "Арсенал" "Байер" Леверкузенди 2:0 эсебинде жеңип, жалпы 3:1 жыйынтыгы менен кийинки этапка өттү. "Канонирлердин" курамында Эберечи Эзе жана учурдагы сезонундагы биринчи голун киргизген Деклан Райс айырмаланды.
Эң күтүлбөгөн окуя "Манчестер Сити" командасынын чыгышы болду. Англиялык команда мадриддик "Реалдан" 1:2 (матчтардын жыйынтыгы 1:5) эсебинде жеңилди. Винисиус Жуниор "Реал" үчүн дубль жасады, ал эми "шаардыктар" үчүн жалгыз голду Эрлинг Холанд киргизди. Мындан тышкары, "Сити" Бернарду Силванын чыгарылышы менен өзүнө кыйынчылык жаратты.
Ошондой эле "Пари Сен-Жермен" "Челсини" 3:0 эсебинде жеңип, ишенимдүү оюн көрсөттү. Франциялык команда эки беттештин жыйынтыгы боюнча 8:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул оюнда голдорду Хвича Кварацхелия, Брадли Баркола жана Сенни Майюлу киргизди.
Башка матчта Лиссабондун "Спортинги" "Буде-Глимтти" 5:0 эсебинде кошумча убакытта жеңип, 1/4 финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алды (матчтардын жыйынтыгы 5:3).
Ошентип, Европа клубдук трофейи үчүн күрөш "Арсенал", "Реал Мадрид", ПСЖ жана "Спортинг" менен уланууда.