
19 жашка чейинки катышуучулар үчүн өткөрүлгөн World Boxing Futures Cup мелдеши 8-марттан 15-мартка чейин өлкөнүн борбору Бангкокто өттү.
Асанова 70 килограммга чейинки категорияда катышып, бул категорияда жалпысынан беш боксчу мелдешти.
Тартуу жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу жарым финалдан баштады, анда ага италиялык спортчу Сарра Скоррано каршы чыкты.
Биринчи раундда италиялык спортчу 5:0 эсебинде алдыда болуп, экинчи раундда рефери бир нече нокдаундан кийин беттешти токтотту.
Зарина Асанова жеңишке жетпесе да, үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль менен сыйланды.