Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мадагаскар жана Бахрейн командалары менен оюндар өткөрөт

Арестова Татьяна Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мадагаскар жана Бахрейн командалары менен матч өткөрөт
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мадагаскар жана Бахрейн командаларына каршы достук матчтарын өткөрүүгө даярданып жатат. Бул беттештер 18-мартта Түркияда башталчу окуу-тренировка жыйынынын алкагында өтөт, деп билдирет Кыргыз футбол союзу.
Архивден алынган сүрөт
Бул матчтар жаңы башкы машыктыруучу Роберт Просинечкинин жетекчилигинде өтө турган биринчи беттештер болот. Жыйында эки оюн пландалган: биринчи оюн 26-мартта Мадагаскарга каршы, экинчиси 31-мартта Бахрейнге каршы өтөт.

Учурдагы ФИФА рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 103-орунду, Мадагаскар 104-орунду, ал эми Бахрейн 90-орунду ээлеп турат.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: