Бишкекте футбол боюнча мектеп лигасы өтөт. Заявкаларды кабыл алуу 20-мартка чейин ачык.
Турнир 2017, 2018 жана 2019-жылдары төрөлгөн мектеп окуучуларына арналган. Оюндар «микс» (5+1) форматында өтөт, бул кыздар жана уулдардан турган аралаш командалардын катышуусун билдирет.
Ар бир командада минимум 12 жана максимум 15 оюнчу болушу керек. Мындай формат оюндук жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, командалык рухту бекемдөөгө жана катышуучулар арасында өз ара сый-урмат маданиятын калыптандырууга көмөктөшөт.
Лиганын биринчи мелдеши Бишкекте өтөт, шаардагы төрт райондун аймагын камтыйт. Ар бир аймакта 20 команда болот, алар төрт топко бөлүнөт. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү финалдык этапка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Башкы шаардагы мектептер катышуу үчүн арыздарды 20-мартка чейин тапшыра алышат. Жалпы республикалык турнирдин өткөрүү күнү кийинчерээк жарыяланат. Арыздар technical@kfu.kg электрондук почтасына кабыл алынат.