Дүйнө чемпионаты: Кыргызстан курамасынын атаандаштары дүйнөлүк рейтингде кандай орунда?
Экинчи дивизиондун (В тобу) мелдеши 6-апрелден 12-апрелге чейин Болгариянын борбору Софияда өтөт, анда алты команда катышат.
Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары Израиль, Исландия, Жаңы Зеландия, Болгария жана Тайвань командасы болот.
Биринчи орунду ээлеген команда экинчи дивизиондун А тобуна көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, ал эми акыркы орунду ээлеген 6-орун үчүнчү дивизионго (А тобу) жөнөтүлөт.
Экинчи дивизиондун В тобундагы командалардын дүйнөлүк рейтингдеги орундары:
33-орун - Израиль
34-орун - Исландия
37-орун - Болгария
40-орун - Тайвань
41-орун - Жаңы Зеландия
45-орун - Кыргызстан