
Табалдиев 70 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалдан баштап катышты.
Ал биринчи беттешинде мекендеши Рустам Кахаровду ыкчам жеңди. Андан кийин, кийинки раундда болгарыстандык күрөшчү Калоян Атанасовду да ыкчам жеңип, жарым финалга чыкты. Тилекке каршы, жарым финалда Залкарбек америкалык спортчу Алекс Вильям Понталеого жеңилип калды.
Коло медаль үчүн күрөш мексикалык Аустин Кли Гомеске каршы болушу керек болчу, бирок ал жаракат алып, катышуудан баш тартууга мажбур болду. Натыйжада Залкарбек Табалдиев турнирдын коло медаль ээси болду.