
Кыргызстанда спорттук күрөш боюнча эл аралык машыгуулар өтүүдө, ага бир нече командалар катышууда. Бул маалымат күрөш федерациясы тарабынан жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Бишкекке Эстония жана Финляндиянын 17 жана 20 жашка чейинки спортчуларынан түзүлгөн аялдар курама командалары келип жетти.
Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Айсулуу Тыныбекова «Жаштык» спорттук комплексинде өтүп жаткан машыгуулардын бирине катышып, катышуучуларга эстелик белектерди тапшырды.