«Учур» Өзбекстан чемпионатынын финалына чыкты, Самарканддык каршылашын эки жолу 31:1 эсебинде жеңди

Сергей Мацера Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстан Хоккей Федерациясынын билдирүүсүнө караганда, «Учур» командасы Өзбекстандын ачык чемпионатынын финалына ийгиликтүү өттү.

Жарым финалдык кармашта Бишкектин клубу Самарканддан келген «Шердор» менен беттешти. Турнирдин эрежелерине ылайык, командалар эки жеңишке чейин серия өткөрүштү.

1/2 финалдын биринчи жана экинчи оюндары 21 жана 22-февралда Ташкенттеги Humo Arenaда өттү.

Биринчи беттеште «Учур» 10:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти, ал эми экинчи оюнда жыйынтык дагы да таасирдүү болду — 21:0.

Ошентип, Бишкектин командасы серияны 2:0 эсебинде жыйынтыктап, финалга чыкты.

Башка жарым финалда Ташкенттин командалары «Хумо» жана «Бинокор» беттешет.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: