НТРК 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын трансляциясына расмий укуктарды сатып алды
Бул мундиаль тарыхтагы эң маанилүүсү болуп, Кыргызстандагы көрүүчүлөр НТРК каналдарында жогорку сапатта трансляцияны көрө алышат.
Соревновоолор 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө: АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул тарыхый турнир болуп, анда 32 команда эмес, 48 команда катышат, ал эми жалпы матчтардын саны 104кө жетет. Оюндар Түндүк Америкадагы 16 шаарда өтөт, ал эми ачылыш оюну Мехикодогу белгилүү «Ацтека» стадионунда, финалдык беттеш болсо Нью-Джерсиде (АКШ) жайгашкан «Метлайф-стэдиумда» өтөт.