Бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысы билдирди.
Мелдештердин өткөрүлүшүнүн максаттары:
- Жашы жете элек адамдар арасында кылмыштуулукту жана рэкетти алдын алуу
- Жаштарды спорт менен алектенүү аркылуу ден-соолукка чакыруу
- Уюмдар менен мектептердин ортосундагы байланыштарды бекемдөө
Жаштык өзгөчөлүктөр жана катышуучулардын саны:
- 8–9-класстан — 6 окуучу (3 кыз, 3 бала)
Мелдеш түрлөрү:
- Тоскоолдуктардан өтүп, топту алып өтүү
- Топту торго ыргытуу
- Скакалка менен секирүү боюнча мелдеш
- Талияда обруч айлантып, аны түшүрбөй, алдыңа жана артка өтүү
- Бадминтон ракеткасында шарик менен чуркоо
- Обручту сүйрөп, топту алып, алдыңа жана артка өтүү
- Таяк менен эстафета
- Канат тартуу
- Жол коопсуздугу боюнча командалар үчүн тесттик тапшырмалар боюнча мелдеш
Судьялар курамы:
Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары, милициянын подполковниги — Талант Ашырабаев
Милициянын майору — Улан Усубалиев
Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугу кызматын жетектөөчү, милициянын капитаны — Адилет Советов
Мамбет уулу Дүрбөлөң орто мектебинин техникалык кызматкери — Таалайбек Токталиев
Мукаш Мамбетов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими — Өмүрбек Курманалиев
Мелдештерге катышкан командалар: «Ак шумкар» (Мамбет уулу Дүрбөлөң мектеби), «Намыс» (Мукаш Мамбетов мектеби), «Мурас» (Марат Кенжакунов мектеби).
Мелдештердин жыйынтыгы:
1-орунду «Ак шумкар» командасы ээлеп алды;
2-орун — «Намыс»;
3-орун — «Мурас».
Катышкан командаларга Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн атайын грамоталары жана сыйлык белектери тапшырылды.
Ошондой эле мелдештерди уюштурууга көмөктөшкөндүгү үчүн Мамбет уулу Дүрбөлөң мектебинин директору Н. Шалдырбековго жана дене тарбия мугалими М. Курманалиевге Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.